Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Кытайдын Гонконг шаарында 26-ноябрда Тай По районунда чыккан ири өрттүн курмандыктарын эскерүү үчүн үч күндүк аза күтүү башталды. Бул тууралуу DW кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, Гонконгдун бийлик өкүлдөрү өрттөн каза тапкандарды үч мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. 1-декабрга чейин бардык мамлекеттик мекемелерде желектер түшүрүлгөн абалда турат.
Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 128ге жетти. Бирок бул көрсөткүч дагы өсүшү мүмкүн, анткени куткаруучулар урандылардын арасынан издөө иштерин улантууда. Ошондой эле 150 киши дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө. Каза болгондордун арасында бир өрт өчүрүүчү да бар.
Белгилей кетсек, 26-ноябрь күнү келип чыккан өрт шамалдан жана курулуш калдыктарынын учуусунун улам бат жайылып, 40 сааттан ашык убакыт күйгөн. Жалын бамбуктан курулган курулуш конструкциясы аркылуу тез тараган. Натыйжада ал сегиз корпустуу Wang Fuk Court турак жай комплексинин жети корпусун каптаган.
Тай По районундагы каргашадан кийин Кытай бийлиги өлкө боюнча бийик имараттардын коопсуздугун текшерүү кампаниясын баштап, дубалдарды оңдоо, ички конструкцияларын өзгөртүү жүрүп жаткан үйлөр өзгөчө көзөмөлгө алынарын белгиледи.
Бийлик бул өрттү эң жогорку бешинчи коркунуч деңгээли деп баалады. Гонконгдо мындай окуя акыркы жолу 2008-жылы катталган. Ал эми бул кырсык 1948-жылдан берки эң көп адам өлүмүнө алып келген өрт катары катталды. Анда кампада чыккан өрттөн 176 адам каза болгон.