Гондураста учак кулап, кеминде 6 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 18 Март 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-03-18 at 09.31.48.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Гондураста учак кулап, кеминде 6 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС La Prensa басылмасы жазганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 33 жүргүнчүгө ылайыкталган учак деңизге кулап түшкөн. Роатан аралынан учкан учакта 15 киши болгону, алардын алтоо көз жумганы айтылды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 10 адам куткарылып, ооруканага жеткирилген.

Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, кырсык механикалык бузуктуктан улам келип чыккан.