Голландияда фейерверк атууга тыюу салынат

Дүйнө Загрузка... 03 Июль 2025 17:00
WhatsApp Image 2025-07-03 at 11.57.28.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Голландиянын Сенаты фейерверк сатууга жана атууга тыюу салууну жактырды, өкмөт бул чараны 2027-жылы киргизет. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, муну менен дарыгерлердин, активисттердин фейерверктерге тыюу салуу боюнча бир жылдык кампаниясы аяктады.

Буга чейин 19 шаарда фейерверк атууга жана сатууга тыюу салынганы менен, аларга көңүл бурулбай келген.

Өткөн жылдын аягында жүргүзүлгөн Ipsos сурамжылоосу референдумда калктын 57%ы тыюу салууга добуш берерин көрсөткөн.