Гүлчөдө салттуу кийиз өнөрүн жана маданий мурасты сактоого арналган форум өттү

Маданият Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 16:15
image5.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
Алдыга
Артка
image5.jpg
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында "Салтты сактап – келечекти курабыз: кийиз жана маданий мурас" аталышындагы форум өттү.

Парламенттен билдиришкендей, форумда кыргыздын салттуу кийиз өнөрүн жана материалдык эмес маданий мурасын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу маселелери талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле катышуучулар элдик чеберлердин эмгектери коюлган атайын көргөзмөлөр менен таанышты. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Токтобүбү Ашымбаева, Мавлюда Калбердиева, Айгүл Ахмедова, Эдита Тайгараева, бир катар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Эл өкүлдөрү салттуу кийиз өнөрү улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, аны өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн мамлекет тарабынан бардык зарыл аракеттер көрүлүшү керектигин билдиришти.