Гимндин 5 мыкты долбооруна акчалай сыйлык берилет

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 13:55
WhatsApp Image 2025-02-07 at 09.49.28.jpeg
copyright icon Кабар Мээрим Дүйшөналиева

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Гимндин 5 мыкты долбооруна акчалай сыйлык берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мыкты долбоорлорго 250 миң сомдон 1 млн 500 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

"Гимндин мыкты долбоору үчүн байгелүү орундар аныкталат. 1-орунга 1 млн 500 миң сом, 2-орунга 1 млн сом, 3-орунга 500 миң сом каралган. Атайын байгелер боюнча 2 байгелүү орунду ведомстволор аралык комиссия аныктайт. Анда 4-орунга 250 миң сом 5-орунга 250 миң сом берилет", - деди ал.

Ошондой эле Тимурлан Ажымалиев белгилегендей, сынак аяктагандан кийин ведомстволор аралык комиссия тарабынан Жогорку Кеңешке гимндин 3 мыкты долбоору жиберилет.