Гидроэнергетика жана логистика: Кыргызстан Германия менен экономикалык өнөктөштүктү кеңейтет

Министрлер кабинети 10 Апрель 2026 13:32
69d89c6bb1c50 (1).jpeg
69d89c797f8a9.jpeg
69d89c7169da7.jpeg
69d89c752e1da.jpeg
Алдыга
Артка
69d89c6bb1c50 (1).jpeg
69d89c797f8a9.jpeg
69d89c7169da7.jpeg
69d89c752e1da.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Гюнтер Кричбаумду кабыл алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү талкууланды.

Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, ошондой эле "Борбор Азия – Германия" форматындагы диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Германия менен гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика, инфраструктура жана туризм тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди иш жүзүндө алга жылдырууга умтула тургандыгын ырасташты.