Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. 12-апрелде Германиянын Баден-Вюртемберг аймагынын Оффенбург шаарындагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешти.
ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин колдоосу менен "Ынтымак" Баден-Вюртемберг кыргыз-немис диаспоралык уюму тарабынан өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылышында элчи Өмүрбек Текебаев жалпы катышуучуларды жаз майрамы менен куттуктап, атайын сөз сүйлөдү. Элчи өз сөзүндө мекендештерге бакубат жашоо жана тынчтык каалап, ынтымактуу болууга чакырып, мындай фестивалдар мекендештердин Кыргызстан менен болгон байланышын чыңдоого жана кыргыз маданиятын Германияда жайылтууга чоң салым кошорун белгиледи.
Майрамдын жүрүшүндө конокторго кыргыз ашканасынын улуттук тамак-аштары тартууланып, жергиликтүү музыканттардын аткаруусунда кыргыз күүлөрү жана ырлары жаңырып, Манас айтылып, элдик бийлер бийленип, атайын Кыргызстандан келген "By Mery & Juldyz" мода үйүнүн кыргыз улуттук кийимдеринин өзгөчөлүктөрү тааныштырылып, өзгөчө этно көргөзмө уюштурулду.