Германиянын айыл чарба министринин учагы бузулуп, сапары үзгүлтүккө учурады

Дүйнө Загрузка... 19 Ноябрь 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-11-18 at 17.21.47.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Германиянын айыл чарба министри Алоис Райнер күн мурун Бундесверге таандык Global 5000 учагы менен АКШга учуп чыккан. Бирок, техникалык себептерден улам учак эки сааттан кийин кайра Германияга кайтып келүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, учактагы мүчүлүштүк күйүүчү майдын деңгээлин көрсөткөн индикатордун иштебей калышынан улам келип чыккан. Натыйжада, министр Райнер жана анын командасы АКШга пландаштырылган жүргүнчү каттам аркылуу учууга мажбур болушкан.

Белгилей кетсек, Германия өкмөтүнүн учактарында техникалык мүчүлүштүктөр буга чейин да катталган. Алсак, тышкы иштер министри Йоханн Вадефул дагы учак бузулгандыктан Колумбияда өтө турган Евробиримдик – Латын Америка саммитине катышуу планын өзгөрткөн.

Ошондой эле дүйнө лидерлеринин сапарларында да учуулардагы техникалык кыйынчылыктар байма-бай болууда.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок 2023-жылдын август айында Австралия, Жаңы Зеландия жана Фиджи өлкөлөрүнө пландаштырылган сапарын техникалык мүчүлүштүккө байланыштуу токтотууга аргасыз болгон. Абу-Дабиде май куюп бүткөндөн кийин анын Airbus A340 учагынын шасси капкагынын тартылуу системасы эки ирет иштебей калган. Натыйжада, министр сапарын токтотуп, пландаштырылган жүргүнчү каттам менен Германияга кайтып келген.

Мындай учурлар башка мамлекеттерде да катталууда. Жакында Конго Демократиялык Республикасынын министрин алып бараткан учак учуу тилкесинен чыгып, өрттөнүп кеткен.

Ошондой эле Индиянын президенти Драупади Мурму түшүп жаткан тик учак Түштүк Индиядагы Керала штатында жаңы асфальтталган жолго кулап түшкөн.