Германияда ысыктан каза болгондордун саны 12,5 миңге жетти

Дүйнө 146 14 Август 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-08-14 at 09.03.07.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Германияда быйыл ысыктан улам 12 500гө жакын адам каза болду. Бул тууралуу Роберт Кох институтунун маалыматтыная таянып, Казинформ жазды.

Ага ылайык, быйыл ысыктан каза болгондордун саны жылдык орточо көрсөткүчтөн бир топ ашып кеткен. Акыркы он жылдын ичинде 2018 жана 2019-жылдар өзгөчө оор болуп, тиешелүүлүгүнө жараша 9400 жана 7700 адам ысыктан каза болгон.

Адистердин айтымында, 2026-жылга карата акыркы көрсөткүч андан да жогору болушу мүмкүн.

Июнь айынын аягында Батыш Европа өлкөлөрүндө, негизинен Франция менен Испания, ошондой эле Италия, Улуу Британия жана Германияда аба ырайынын температурасы кыйла жогорулаган.