Германияда каракчылар банктан 34 млн евро чыгарып кетишти

Дүйнө Загрузка... 31 Декабрь 2025 09:15
8c0f7f26-726d-48a3-ba18-f0fbd72170ea.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.12.25 /Кабар/. Германиянын батышындагы Гельзенкирхен шаарында белгисиз адамдар Sparkasse банкынын сактоочу жайын тоноп, жеке сейфтердеги акча жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Бул тууралуу Bild гезитине таянып, Известия кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 34 млн евро деп бааланууда.

Маалыматка ылайык, кылмышкерлер имараттын дубалын тешип, түз эле банктын сактоочу жайына киришкен. Андан соң сейфтерде эмне болсо, баарын алып изин жашырышкан.

Банктагы сактоочу жайда ар кандай көлөмдөгү 3,3 миңге жакын сейф болгон. Аларды 2,7 миң кардар ижарага алган. Ар бир сейф 10,3 миң еврого чейин камсыздандырылган.

Эгер бардык сейфтер толугу менен тонолгон болсо, анда камсыздандыруу компанияларына келтирилген зыян 33,9 млн еврого чейин жетиши мүмкүн.