Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Күн мурун Германиянын Баден-Вюртемберг шаарында поезд рельстен чыгып үч адам каза болуп, 34 киши жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка караганда, аймактык экспресс поездинин эки вагону рельстен чыгып кеткен. Поезддин рельстен чыгып кетишине катуу шамал себеп болушу мүмкүн.
Поезд Зигмаринген шаарынан Ульм шаарына бара жаткан. Кырсык болгон учурда поездде 100 адам болгон.
Учурда кырсык болгон жерде полиция, өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтары иштеп жатат.