Германияда окуу үчүн немис тилин билүү жетиштүү – Текебаев

Билим Загрузка... 07 Апрель 2026 13:35
87836219-1e8b-4bbb-a638-abbd26dfe66a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Германияда билим алуу үчүн немис тилин билүү жетиштүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, Германияда билим алууну каалаган жаштар абдан көп.

"Бул өлкөгө баруу үчүн немис тилин билүү гана жетиштүү. Менден көп адамдар квота алып берүүнү суранышат. Бирок аталган өлкөдө андай түшүнүк жок, себеби окуу акысыз. Баарыбыз көчүп барып окусак дагы бекер болот. Тескерисинче, 1200 доллардан стипендия беришет. Бир гана шарт — немис тилин билүү керек.
Ал эми тил билүү үчүн мектепте тил сабагы өтүлүшү зарыл. Былтыр кабыл алынган программа боюнча аталган тил мектеп программасынан биротоло чыгарылды. Демек, мамлекеттин эсебинен бекер окутулбай калды. Германияга барабыз деген жаштар көп, бирок бул милдет ата-энелердин мойнуна түшүп жатат. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан немис тилин мамлекеттик деңгээлде окутуп жатышат", — деди элчи.