Германияда куш тумоосу күч алды

Дүйнө Загрузка... 22 Октябрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-10-22 at 09.05.13.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Германиянын түндүгүндөгү Мекленбург-Төмөнкү Поммерн аймагындагы эки канаттуулар фермасында куш тумоосунун H5N1 вирусунун бир түрү аныкталды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, эми илдет аныкталган чарбалардагы 150 миң тоок жок кылынышы керек.

Вирустун жапайы канаттуулар, өзгөчө турналар аркылуу жайылып жатканы айтылууда.

Жергиликтүү Айыл чарба министрлиги фермерлерди жана канаттууларды өстүрүүчүлөрдү өзгөчө этият болууга чакырып, эгер тооктор өлө баштаса дароо ветеринардык кызматка кайрылууну сунуштады.