Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Германиянын Шлезвиг-Гольштейн федералдык аймагы кантка салык киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, премьер-министр Даниэль Гюнтер бул сунушту 2026-жылдын биринчи чейрегинде Бундесратка (жогорку палата) алып чыгууну пландоодо.
Анткени ашыкча кантты колдонуу коомдук саламаттыкты сактоо тармагында олуттуу көйгөйлөрдү жаратып, мамлекеттик бюджетке чоң чыгым алып келүүдө.
Германиянын медициналык ассоциациялары өкмөттү кантка салык салууга бир нече жолу чакырып келишкен. Алардын пикиринде, кантка тамеки сыяктуу эле комплекстүү мамлекеттик көзөмөл зарыл — анын ичинде акциз салыктарын киргизүү жана балдарга арналган жарнамаларды чектөө.
Greenpeace уюмунун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, ашыкча кант диабет, жогорку кан басым жана тиштин чириши сыяктуу оорулардын тобокелдигин жогорулатып, Германияга жыл сайын 12 миллиард евро чыгым алып келүүдө. Демилгечилер кантка салык киргизүү бул коркунучтарды азайтып, калктын саламаттыгына оң таасир берет деп ишенишүүдө.