Бишкек, 02.12.25 /Кабар/. Германия Польшага 1215–1466-жылдарга таандык 73 тарыхый документти кайтарды. Бул тууралуу Германиянын Маданият министрлигине таянып, ТАСС билдирди.
Документтердин арасында Рим папасынан келген каттар, ошондой эле Тевтон ордени менен Польшанын ортосунда болгон сүйлөшүүлөр жана жаңжалдар тууралуу кагаздар бар. Бул документтер Экинчи дүйнөлүк согуш алдында Варшавадагы архивде сакталган. Польша оккупацияланганда нацисттер аларды Германияга алып кеткен. Кийин алар Пруссиянын маданий мурасынын купуя мамлекеттик архивине түшүп калган.
Мындан сырткары, Германия Польшага скульптуранын бир бөлүгү - Ыйык Жакыптын башы болгон фрагментти да кайтарып берүүгө макул болду. Ал 1950-жылдары Мариенбург чебинен чыгарылып кеткен деп айтылат.
Тапшыруу аземи дүйшөмбүдө Берлинде өтүп жаткан Германия менен Польшанын өкмөт аралык жолугушуусунда болду.