Герат – Мазари-Шариф темир жолу Борбор Азияны Европа менен байланыштырууга жол ачат

Экономика Загрузка... 22 Декабрь 2025 16:26
images.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Афганистан, Иран жана Түркия Герат – Мазари-Шариф темир жолун биргелешип куруу боюнча макулдашты. Маалыматтарга ылайык, долбоор техникалык-экономикалык негиздемеси этабында 10 млн доллар деп бааланууда (2026-жыл, март), ал эми алгачкы жүк ташуу сыноосу 2027-жылга мерчемделип жатканы айтылды.

602007926_3240776136099944_7255829310997734291_n

“Кабар” агенттигине саясат таануучу, Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов Герат – Мазари-Шариф темир жолунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Бакыт Жумагуловдун айтымында, долбоордун экономикалык артыкчылыктары жогору. Анткени Афганистан аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Транзиттик каттамдардын саны азайып, экспорт жана импорт өсөт.

WhatsApp_Image_2025-09-30_at_19.45.37.width-800
“Бул долбоор Борбор Азия – Афганистан – Иран – Түркия – Европа соода коридорун түзөт. Жүк ташууларды кыйла жеңилдетет. Транзиттин убактысы азаят. Ошол эле маалда долбоордун геосаясий жана аймактык пайдасы жок эмес. Афганистандын аймактык экономикага интеграция болушун шарттайт. Иран менен Түркиянын ролу тууралуу айтсак, транспорттук хаб катары позициялары бекемделет, ошону менен Борбор Азиянын таасири жогорулайт. Долбоордун социалдык-экономикалык мааниси да чоң. Миңдеген жумуш орундары ачылат. Темир жол өтүүчү шаар-райондордун өнүгүшүн тездетет. Жалпылап айтканда, бул темир жол долбоору дүйнөдө узак мөөнөттү кызыкчылыкты калыптындырмакчы”, - деди ал.

Бул багыттан алганда, Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңеет, Кытайдан чыккан жүктөр биздин өлкө аркылуу жаңы ири рынокторго чыга алат. Серепчинин баамында, бул темир жол линиясы Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу аркылуу Тажикстан, Афганистан жана Иран аркылуу Түркияга, андан ары Европага жол ачат.