Гепатит менен жашоо кандай? Гепатолог жооп берет

Маек Загрузка... 28 Июль 2025 19:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жыл сайын 28-июлда – Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү белгиленет. Бул боор оорусуна каршы күрөшүүгө арналган эл аралык дата болуп саналат. Кыргызстанда дагы бул оорудан көптөгөн адамдар жабыркап келет. Ооруну эрте аныктап, дарыгердин көзөмөлүндө болуу – айыгууга карай туура жол. Бүгүн "Кабар" агенттигине гепатит оорусу тууралуу тажрыйбалуу гепатолог Кымбат Алиева айтып берет.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 18.06.47.jpeg

Гепатит кандай оору жана анын канча түрү бар? Кыргызстанда кайсы түрү менен көп оорушат?

Гепатит — боор клеткаларынын сезгениши. Ал жугуштуу жана жугуштуу эмес деп эки түргө бөлүнөт. Жугуштуу эмес гепатитке алкоголдук жана дары-дармектен улам болгон түрлөрү кирет. Жугуштуусу - гепатит А, В, С, D деп бөлүнөт.

А түрү: тиричилик жолу менен жугат (кол кармашуу, кир кол, жуулбаган жемиштер ж.б.).

В, С, D түрлөрү негизинен кан аркылуу жугат (маникюр, педикюр, хижама, жыныстык жол (сейрек).

Учурда В жана D түрлөрү көп кездешүүдө. В менен ооругандар Dга текшерилбей калып, дарт циррозго өтүп кеткен учурлар бар. Бирок өлкөдө В жана С түрлөрүнө дарылоо бекер жүргүзүлөт. Мамлекеттик программа аркылуу акысыз дары-дармектер берилет.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 18.08.39.jpeg

Ооруну жугузуп алган адамдын биринчи кадамы кандай болуш керек?

Адам оору жугузганын билери менен жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге же гепатолог-инфекционистке кайрылышы керек. Анализ тапшырып, кайсы түрү экенин аныктоо зарыл.

Оорунун алдын алуу оңойбу? Кандай процедуралардан өтүү керек?

Гепатит А жугуп калбашы үчүн өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Ал эми гепатит Вга вакцина сайдырып алса болот. Эмдөөлөр бейтапканаларда акысыз эле жасалууда. 2000-жылдан бери төрөлгөн балдарга календардык ыкма менен сайылып турат. Ал эми гепатит Сга вакцина жок. Бирок дары-дармектер менен толук айыктырып алууга болот.

Ошол эле учурда дары-дармектен улам болгон гепатит көп катталууда. Себеби, дарыканага барып өз алдынча биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) алып ичкендер көп.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 18.09.42.jpeg

Кээ бир адамдар көп жылдар бою ооруну жугузганын билбей жүрө беришет экен? Мындай болбошу үчүн канча убакытта бир текшерилип туруу керек?

Негизи эле адам бир жылда бир жолу мединициналык алдын ала кароодон өтүп турганы жакшы. Бул мамлекет тарабынан милдеттендирилген эмес, бирок ар бир адам ден соолугуна өзү жоопкерчилик алганы жакшы. Ал эми бизде көп учурда оору өтүшүп кеткенде кайрылышат.

Оору өнөкөт түрүнө өтүп кеткенде адам кантип жашашы керек?

Көпчүлүк ушул жерден адашат. Оору билинген учурда санаага батып, ойлонуп, депрессияга түшүп кетүүнүн кереги жок. Өнөкөт оору менен жашап жүргөн адамдардай (гипертония, кант диабети) эле жашай бериши керек. Бир жылда бир жолу текшерүүдөн өтүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуп турса эч кандай көйгөй болбойт.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 18.08.39 (1).jpeg

Бул оорудан толук айыгып кетүү мүмкүнбү?

Ооба. Гепатиттин А түрүнөн адам бат эле айыгат. С түрүн дагы циррозго өтүп кете элек болсо туура дарылоо менен айыктырса болот. В түрүнүн курч кармаган түрүн айыктыруу мүмкүн. Д түрү кошулуп калса кичине кооптуураак болот. Бирок, адам өзүн жакшы алып жүрсө зыянын деле тийгизбейт. Болгону өз убагында дарыланып туруу зарыл.

Негизи эле боорго кандай кам көргөн оң?

Жеген тамак-ашыбыздын баары боор аркылуу фильтрден өтүп турат. Ага кам көрүү үчүн тамактануу эрежелерин сактоо зарыл. Туура тамактануу десе эле айрымдар сууга, бууга бышкан, кайнатылган тамактар деп ойлошот. Каалаган тамакты аз өлчөмдө туура келтирип жеш керек. Камыр тамак менен этти кошуп жегенге болбойт. Мисалы, этти жашылчалар, салат менен жеген туура. Ал эми таттууларды тамак менен эмес, 1-2 сааттан кийин жеген туура болот. Кофени түштөн кийин 3-4дө ичкен оң. Мына ушундай жөп-жөнөкөй эрежелерди сактабаганыбыз үчүн боор оорулары көп кездешет.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 18.09.42 (1).jpeg

Гепатит Вга вакцина сайылып атат. Канча жылда кайра кайталап сайдыруу керек?

Негизи 15 жылга деп сайылат. Бирок ал адамдын организминен көз каранды болот. Иммунитети төмөн адамдарда же балдарда 2-3 жылда кайра сая турган учурлар (ревакцинация) болот. Болгону алдын ала анализ тапшыруу сунушталат.