“GEN – кыргыз санжырасы” тиркемеси генетикалык анализ функциясы менен толукталат

Коом Загрузка... 27 Май 2025 15:15
WhatsApp_Image_2025_UvTQ82j.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Жакынкы арада “GEN – кыргыз санжырасы” санарип платформасына генетикалык детерминация мүмкүнчүлүгүн киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кырылгыз” ишканасынын негиздөөчүсү Антон Миронов билдирди.

“Биздин колдонуучулар генетикалык тесттен өтүп, ар кандай маалыматтарды ала алышат”, - деди Миронов.

Анын айтымында, тиркемеде жакынкы күндөрү айымдардын урпактары тууралуу да маалыматтар киргизиле баштайт.

"Биз бул даракты чогуу түзөбүз. Ар бир адам системага кирип, маалымат кошуп, үй-бүлөлүк тарыхын уланта алат", - деп кошумчалады компаниянын негиздөөчүсү.

Компаниянын PR бөлүмүнүн башчысы Орозбек Осмонбек уулу долбоор коммерциялык максатты көздөбөй турганын баса белгиледи.

“Буга чейин кыргыздарда “жети атага” чейин эле санжырасын билип, никеге турбагандыктан, тукум куучулук менен ооруган балдар аз болгон. Жаштар өз ата-тегин изилдеп, бул салтты сактап калат деп ишенебиз”, - деди адис.