Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Талас облусунун Манас районунун тургуну Чубак Жолдошбеков 3,6 гектар жерге кара кожогаттын (ежевика) белгилүү лохнесс сортун өстүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, дыйкан аталган сортту өткөн жылы тигип, үстүбүздөгү жылы биринчи жолу түшүмүн ала баштады.
Анын айтымында, лохнесс сортундагы кара кожогаттын бир гана түбүнөн 15 килограммга чейин мөмө алууга болот. Чубак Жолдошбеков алдыда ар бир гектарынан 10 тоннага чейин түшүм алууну пландап жатат.
"Учурда дыйкан жыйналган түшүмдү коңшу Айтматов районуна алып барып, дүңүнөн 200-250 сомдон сатууда. Кара кожогат адам организми үчүн керектүү витаминдерге бай болгондуктан, базарда ага болгон суроо-талап абдан жогору", - деп айтылат маалыматта.
Адистер белгилегендей, кара кожогат Талас облусунун климатына абдан ылайыктуу келип, жергиликтүү шартта мол түшүм берет.