Газдаштыруу жана заманбап жылытуу системалары: жеңилдетилген насыялар ышты азайтууга кандайча көмөктөшөт?

Экология Загрузка... 04 Июль 2026 12:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек менен Ош шаарлары кышкысын абасы эң көп булганган шаарлардын катарына кирет. Адистердин айтымында, ыштын пайда болушунун негизги себептеринин бири — жеке турак үйлөрдү көмүр менен жылытуу. Зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу жана экологиялык жактан таза технологияларды калк үчүн жеткиликтүү кылуу максатында Финансы министрлиги Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Абанын сапатын жакшыртуу” мамлекеттик долбоорун ишке ашырууда.

1034051573_0_0_3000.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары заманбап жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга жеңилдетилген насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жылытуунун экологиялык жактан таза түрлөрүнө өткөн жеке сектордун тургундарына 10 жеңилдетилген насыя берилди.

Жеңилдетилген каржылоо өнөктөш банктар — АБанк, Элдик Банк жана Бакай Банк аркылуу берилүүдө. Калк үчүн насыянын эң жогорку суммасы 1 млн сомду түзүп, 5 жылга чейинки мөөнөткө жылдык үстөк пайызы 6 пайыздан башталат. Ал эми жабдууларды жеткирүүчү компаниялар үчүн насыя 5 млн сомго чейин жылдык 10 пайыз үстөк менен каралган. Насыяны мөөнөтүнөн мурда айып пулсуз төлөп бүтүрүүгө болот.

Алынган каражаттарды ар кандай үлгүдөгү жылуулук насосторун, электр казандарын, инфракызыл керамикалык жылыткычтарды, күндүн жылуулук системаларын жана башка энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алууга жана орнотууга пайдаланууга болот.

Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева “Кабар” агенттигине берген маегинде, бул программа калкты колдоого гана эмес, борбор калаадагы эң курч экологиялык көйгөйлөрдүн бири болгон абанын булганышын азайтууга да багытталганын белгиледи.

“Заманбап экологиялык таза жылытуу системаларын колдонуу узак мөөнөттүү келечекте жылытууга кеткен чыгымдарды азайтууга, үйдүн ичиндеги жана шаардагы абанын сапатын жакшыртууга, ошондой эле ыштын негизги себептеринин бири болгон көмүрдү колдонуудан баш тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми жеңилдетилген насыя мындай технологияларга өтүүнү калк үчүн кыйла жеткиликтүү кылат. Учурда программа Бишкек шаарында, ошондой эле Аламүдүн жана Сокулук райондорунда ишке ашырылууда. Керектүү документтердин тизмесин өнөктөш банктардан тактоого болот. Ал эми кубаттуулугу 5 кВт болгон электр казандарын колдонуу үй жакшы жылууланган жана электр энергиясына болгон жүктөм туура бөлүштүрүлгөн шартта мүмкүн”, — деди ал.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, учурда үй чарбаларын жаратылыш газы менен камсыз кылуу өлкөдөгү шаарлар менен калктуу конуштарда түтүн менен ыштын деңгээлин төмөндөтүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири болуп эсептелет. Анткени, көмүр жана тиричилик калдыктары менен меш жагуу атмосфералык абанын булганышынын негизги себептеринин бири катары таанылган. Мындай булгануунун курамында адамдын ден соолугу үчүн өзгөчө кооптуу болгон PM2.5 өлчөмүндөгү майда дисперстүү бөлүкчөлөрү да бар.

Мекемеден “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жеке турак жай секторун жаратылыш газына өткөрүү экологиялык абалды кыйла жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Жаратылыш газы күйгөндө ыштын пайда болушуна себеп болгон PM2.5 жана PM10 өлчөмүндөгү майда катуу бөлүкчөлөр дээрлик бөлүнүп чыкпайт. Мындан тышкары, көмүр менен жылытууга салыштырмалуу көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышы болжол менен эки эсеге азайып, азот кычкылдарынын көлөмү бир нече эсеге кыскарат. Ал эми күкүрттүн диоксиди менен көмүртек кычкылынын бөлүнүп чыгышы дээрлик минималдуу деңгээлге түшөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун турак жай конуштарын газдаштыруунун натыйжасында калктын жыл сайын көмүрдү керектөөсү 60–70 миң тоннадан ашык көлөмгө кыскарды. Натыйжада атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү да кыйла азайды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кийинки жылытуу мезгилине карата газдаштыруу деңгээли жогору болгон аймактарда абаны булгоочу заттардын, айрыкча PM2.5 жана PM10 өлчөмүндөгү майда бөлүкчөлөрдүн концентрациясы төмөндөйт деп күтүүдө. Буга газ инфраструктурасын кеңейтүү, турак үйлөр менен отканаларды жаратылыш газына өткөрүү, ошондой эле заманбап экологиялык таза жылытуу системаларынын киргизилиши өбөлгө түзүшү керек.

Калк үчүн газ тармагына кошулуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында министрлер кабинети жарандарга жеңилдетилген насыя берүү тууралуу тескеме кабыл алды. Ага ылайык, эми жарандар турак жайын газдаштыруу үчүн мурдагы 8 пайыздын ордуна жылдык 3 пайыздык үстөк менен 150 миң сомго чейин насыя ала алышат.

Ошол эле учурда мамлекет көмүрдү колдонууда пайда болгон зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча чараларды күчөтүүдө. Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көлөмү 0–13 миллиметр болгон майда көмүрдү өлкөгө алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынды. Бул чара атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттарды азайтып, абанын сапатын жакшыртууга багытталган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Гүлнара Абдылдаева “Кабар” агенттигине билдиргендей, өлкөдө Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” аталган ири долбоор да ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы наркы 50 млн АКШ долларын түзөт.

“Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын абанын сапатын башкаруу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо, турак үйлөрдү жылытууда экологиялык жактан таза чечимдерди киргизүү жана шаарларда жашыл аймактарды өнүктүрүү. Анын алкагында абанын сапатын көзөмөлдөөчү инфраструктура жаңыланып, маалыматтарды талдоо, болжолдоо жана иштеп чыгуу системалары өркүндөтүлөт. Ошондой эле үй чарбаларын заманбап, энергияны үнөмдөөчү жылытуу технологияларына өткөрүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылат. Бул абанын булганышын азайтууга, калктын ден соолугун жакшыртууга жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга мүмкүнчүлүк берет”, — деди Абдылдаева.

Анын айтымында, долбоордун алкагында Бишкек, Ош, Манас, Кара-Балта жана Токмок шаарларына абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станциялар орнотулат. Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы “Кыргызгидрометтин” иштеп жаткан байкоо посттору модернизацияланып, лабораториялык жабдуулар жаңыланат. Ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуучу заманбап борбор курулуп, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын ыкчам көзөмөлдөө үчүн көчмө лаборатория ишке киргизилмекчи.

Ошону менен катар долбоордун жалпы бюджетинин болжол менен 65 пайызы калктын экологиялык жактан таза жылытуу булактарына өтүүсүн колдоого багытталат. Анын ичинде ар кандай үлгүдөгү жылуулук насосторун, күн панелдерин жана энергияны үнөмдөөчү электр жылытуу системаларын сатып алууга көмөк көрсөтүлөт. Каржылоо Финансы министрлиги жана өнөктөш банктар аркылуу жеңилдетилген насыялоо механизминин негизинде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, долбоор Бишкек шаарындагы ирригациялык системаны өнүктүрүүгө инвестиция салууну да карайт. Бул жашыл бак-дарактарды сугаруунун көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жашыл аймактарды жана шаарды курчаган коргоочу “жашыл алкакты” түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай чаралар шаардагы абанын булганышын азайтууга өбөлгө түзөт.

Адистердин айтымында, жеке турак жайлар үчүн эң натыйжалуу чечимдердин бири — жылуулук насостору. Бул система отун жакпастан, айлана-чөйрөдөгү жылуулук энергиясын пайдаланат. Натыйжада ал сарпталган электр энергиясына салыштырмалуу үч-төрт эсе көп жылуулук энергиясын иштеп чыгат. Эксперттердин баамында, жылуулук насосун колдонууда жылытууга кеткен чыгымдар 75%га чейин кыскарышы мүмкүн.

Аянты болжол менен 100 чарчы метр болгон турак үй үчүн мындай системанын баасы 2,5 миңден 4,5 миң АКШ долларына чейин жетет. Ал эми жеңилдетилген насыянын негизинде сатып алынганда ай сайын төлөнүүчү төлөм орточо 4 миңден 7 миң сомго чейин болот. Адистердин эсебинде, мындай жабдуу бир нече жылдын ичинде өзүн актайт.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жеңилдетилген насыянын жылдык үстөк пайызын 6 пайызга чейин төмөндөтүү экологиялык жактан таза жылытуу технологияларын калк үчүн кыйла жеткиликтүү кылууда. Ошол эле учурда адистер абанын сапатын жакшыртуу мамлекеттик программалардан гана эмес, ар бир жарандын көмүр менен жылытуудан баш тартып, заманбап жана экологиялык жактан коопсуз жылытуу жолдоруна өтүшүнө да көз каранды экенин белгилешет.