Газага гумжардам жеткирип баратканда кармалган 45 активист бошотулду

Дүйнө Загрузка... 13 Октябрь 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-10-13 at 09.18.23.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Израиль тарабынан мыйзамсыз камакка алынган "Эркиндик флотилиясынын" 45 активисти Иорданияга кайтып келди. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, алар Газа тилкесине гуманитардык жардам менен бара жатканда израилдик күчтөр тарабынан мыйзамсыз кармалган.

Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, "Эркиндик флотилиясынын" 45 активисти Батыш жээк менен Иорданияны бириктирген Хусейн атындагы көпүрө аркылуу келди.

Эвакуацияланган активисттер Тунис, Испания, Бельгия, Франция, Германия, Италия, Ирландия, Финляндия, АКШ жана Канаданын жарандары экени айтылды.

Эске салсак, "Эркиндик флотилиясынын" коалициясы Италиядан Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү үчүн жолго чыккан. Флотилия бир кеме жана сегиз кайыктан туруп, 30 өлкөдөн 140тан ашык адам болгон, алардын арасында медицина кызматкерлери жана ЖМК өкүлдөрү да бар болчу.