Газада гумжардам алууга аракет кылган 800дөй киши каза болду

Дүйнө 14 июль 2025 10:10
Газада гумжардам алууга аракет кылган  800дөй киши каза болду

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Газа тилкесинде гуманитардык жардам алууга аракет кылган 798 адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, анын 615и Газадагы гуманитардык жардам фондунун объектилеринин жанында жана 183ү гуманитардык жардам кербендеринин каттамдарында.

“Курман болгондордун көбү октон жарадар болгон. Мындай абалга жол берилбейт, бирок ал уланууда”,-деп айтылат маалыматта.