Бишкек, 20.08.25. /Кабар/. Газа үчүн кеме менен 1200 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Еuronews кабарлайт.
Маалыматта белгиленгендей, Ашдод портуна кирген кемедеги азык-түлүктөрдүн ичинде кесме, күрүч, балдар тамак-ашы жана консервалар бар. Алар анклавда ачкачылыктан жапа чегип жаткан адамдарга таратылат.
Гумжардамдын 700 тоннасы БАЭдеги "Амальтея" фонду аркылуу, калганы Италия жана Мальтадан келген.