Бишкек, 4.09.25 /Кабар/. АКШнын Гавайи штатында жайгашкан Килауэа вулканы кайрадан атылды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) маалымдаганын Известия агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Халемаумау кратеринен чыккан атылуу 13 сааттан ашык убакытка созулуп, лаванын фонтан сымал атылышы 150 метр бийиктикке чейин жеткен.
Белгилей кетсек, Килауэа дүйнөдөгү эң активдүү вулкандардын бири. Ал Гонолулудан (Гавайинин эң чоң шаары) түштүк тарапта 320 чакырым алыстыкта, Оаху аралында жайгашкан.