Гарвард университетинин маалымат базасы хакердик чабуулга кабылды

Дүйнө Загрузка... 24 Ноябрь 2025 08:50
fcb0b629-5db5-4795-9f86-9d1713233d3b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Гарвард университетинин маалымат базасы хакердик чабуулга кабылды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме жасап Известия билдирди.

Анда белгиленгендей, хакерлер жогорку окуу жайдын маалымат базасына фишинг (кимдир бирөөнү алдап, маалыматтарды алуу) ыкмасы аркылуу кол салышкан. Атап айтканда, алар кызматкерлер менен студенттердин байланыш маалыматтарына жана кайрымдуулук жүргүзүлгөн документтерге мыйзамсыз кирген.

Университеттин адистери чабуулду убагында токтотуп, хакердин системага кирүүсүн убагында бөгөттөй алышкан. Учурда окуу жайдын жетекчилиги киберкоопсуздук боюнча эксперттер менен биргеликте окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Буга чейин Принстон, Пенсильвания жана Колумбия университеттери да ушул сыяктуу хакердик чабуулдарга кабылганы айтылат.