Маданий мурастарды коргоо. Гансуда кыргыз-кытай лабораториясы ачылды

Маданият 02 Декабрь 2025 12:30
577038894_1150754310549657_2750356563723497758_n.jpg
590905998_1150754323882989_2459428343520505709_n.jpg
Алдыга
Артка
577038894_1150754310549657_2750356563723497758_n.jpg
590905998_1150754323882989_2459428343520505709_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Кытайдын Гансу провинциясынын Ланчжоу шаарында маданий мурастарды коргоо боюнча кыргыз-кытай лабораториясы ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Гансу провинциясынын губернатору Жэнь Чжэньхэ, ошондой эле Кыргызстандын Маданият министрлигинин, Кытайдын Илим жана технология министрлигинин жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Биргелешкен лабораториянын негизги максаты маданий мурас объектилерин санариптештирүү, тажрыйба алмашуу жана жаш кадрларды реставрациялоо, консервациялоо, археология, маданий мурасты коргоо жаатында даярдоо болуп саналат.

Мындан тышкары, Лянжоу технологиялык университети кыргызстандык студенттерге 2026-окуу жылынан баштап беш жылдык мөөнөткө квота бөлүп берди.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы Сиань, Ланчжоу жана Тяньшу шаарларында жайгашкан бир нече мекемелер, музейлер менен таанышты.