Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Күн мурун Ганада аскердик тик учак кулап, 8 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, тик учак өлкөнүн түштүгүндө Акрофуо шаарына жакын жерде кулаган. Жерге кулагандан кийин ал күйүп кеткен.
Каза болгондордун арасында коргоо министри Эдвард Кофи Омане Боама жана айлана-чөйрөнү коргоо, илим, технология жана инновация министри Муртала Мохаммед, Улуттук коопсуздук боюнча координатордун орун басарынын милдетин аткаруучу Муниру Мохаммед Лимуна, башкаруучу Улуттук демократиялык конгресс партиясынын төрага орун басары Самуэл Сарпонг жана парламентке мурдагы талапкер Самуэль Абоагье болгон.
Андан тышкары экипаждын үч мүчөсү - Питер Бафеми Анала, Манин Твум-Ампаду жана Эрнест Аддо Менса каза болгон.
Учурда аза күтүүгө байланыштуу өлкө боюнча белгисиз мөөнөткө мамлекеттик желектер түшүрүлгөн.