Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. G20 өлкөлөрүндөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы акыркы бир жылда 2,2 триллион долларга өсүп, 15,6 триллион долларга жетти. Бул тууралуу Oxfam кайрымдуулук уюмунун маалыматына таянуу менен, Казинформ жазды.
Уюмдун маалыматына караганда, бул байлык дүйнө жүзүндөгү жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган 3,8 миллиард адамга 1,65 триллион доллар жардам көрсөтүүгө жетмек.
22-ноябрда Түштүк Африкада өтө турган G20 саммитинин алдында Oxfam дүйнө лидерлерин, анын ичинде Германиянын канцлерин, өтө байларга салыктарды көбөйтүү жана теңсиздикке каршы эл аралык орган түзүүгө чакырган.
“Дүйнөдө теңсиздиктин өсүшү миллиондогон адамдардын турмушун оорлотуп, демократияга жана саясий туруктуулукка коркунуч жаратат. Өтө байлардын кошумча байлык топтоп жатканына карабай, көптөгөн өлкөлөрдө жардамдар азайууда – бул адилетсиз”, – деген Oxfam уюмунун өкүлү Тобиас Хаушильд.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, дүйнөдө 700 миллионго жакын адам күнүнө 2,15 доллардан аз киреше менен жашайт. Дагы 3,5 миллиард адам күнүнө 6,85 доллардан аз киреше табат – бул орто кирешелүү өлкөлөр үчүн жакырчылык деңгээли.