Футбол. Катардын курама командасы Бишкекке келди

Спорт 24 Март 2025 13:14
dfb728ac-bee5-4715-8a39-688ce18c849b.jpg
4bbb0ca5-144c-43c0-9570-f86960ee270d.jpg
7cf5d2c5-d254-4c96-8d07-47fc6e30b588.jpg
18b1ddc6-0a25-437d-80e1-ad0f9273ab60.jpg
0659778a-2bed-4594-97da-fa494f0d6a5b.jpg
a8c7f599-9ad9-45c4-9305-401e1ad75208.jpg
b1ca1145-2fef-4c84-b8b0-1d2c571771c2.jpg
d278143d-58d3-433b-95db-9b0362f3c09e.jpg
da1b0be6-956d-497d-90dd-f56a686e9a8f.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Катар улуттук курамасы эртеңки оюн үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Кыргызстан - Катар беттеши эртең, 25-мартта саат 19:45те Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Оюн 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында болот.

Азиянын учурдагы чемпиону - Катар курамасы Бишкекке, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Катар беттешине катышуу үчүн келишти.

Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев жетектеген КФБнын делегациясы Катар курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, жылуу тосуп алышты.

Эске салсак, 20-мартта Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстан футбол командалары беттешип, оюн өзбек футболчуларынын жеңиши менен аяктаган.