Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Күн мурун Франциянын президенти Эммануэль Макрон Жаңы Каледония Франциянын курамындагы "жаңы мамлекет" болорун айтты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Les Nouvelles Calédoniennes порталы кабарлагандай, Жаңы Каледониянын делегациясы менен француз өкмөтүнүн өкүлдөрү 10 күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин 12-июлда Парижде чет өлкөлөрдөгү аймактын институционалдык түзүмү боюнча келишимге кол коюшкан.
Келишимде аймактын “туруктуу” статусуна кепилдик берүү каралган.
Документте көрсөтүлгөн негизги принциптер: Франциянын конституциясына негизги мыйзамды киргизүү, француздукунан ажырагыс каледон улутун түзүү, шайлоочулардын санын кеңейтүү, өлкөнүн парламентинин курамын өзгөртүү, салык ыйгарым укуктарын жана эл аралык мамилелер тармагындагы компетенцияларды Жаңы Каледонияга өткөрүп берүү.
Европалык Politico басылмасынын маалыматына караганда, келишимге Франциянын экономикалык өнүгүүгө жардам көрсөтүү милдеттенмеси да камтылган.
Франциянын премьер-министри Франсуа Байру келишимди "тарыхый" деп атаган.