Франция Кыргызстандын мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө кызыкдар

Билим 23 Октябрь 2025 10:04
571437236_1259609419546133_3140560472843234521_n.jpg
570390228_1259609482879460_1470344066155455743_n.jpg
571028854_1259609489546126_3701963788495735911_n.jpg
571233987_1259609492879459_8735581733992053288_n.jpg
Алдыга
Артка
571437236_1259609419546133_3140560472843234521_n.jpg
570390228_1259609482879460_1470344066155455743_n.jpg
571028854_1259609489546126_3701963788495735911_n.jpg
571233987_1259609492879459_8735581733992053288_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Күн мурун агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Франциянын элчиси Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, окуучулар үчүн француз тили сабагын окутууга кошумча сааттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Агартуу министри өлкөдө гуманитардык жана тил багытындагы мектептер бар экенин белгилеп, мындай билим берүү уюмдарында француз тилин тандоо сабагы катары киргизүүгө болот деп билдирди. Ошол эле учурда министр француз тили боюнча кыргыз билим берүү тутумуна ылайыкташтырылган окуу-методикалык комплексти алдын ала иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Агартуу министрлиги тарабынан башталгыч кесиптик билим берүү тармагында да кызматташтыкты кеңейтүү сунушталды. Айрыкча, кесиптик лицейлердин базасында француз ашканасын үйрөтүү жана гиддерди даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мектептерде француз тилин окутуу боюнча окуу-методикалык программаны иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүгө жана мындан аркы биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселесин талкуулоого макулдашышты.