Францияга “Бенжамен” ураганы жакындап келе жатат

Дүйнө 23 октябрь 2025 08:55
Францияга “Бенжамен” ураганы жакындап келе жатат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Францияга күчтүү урагандардын бири “Бенжамен” жакындап келе жатат. Бул тууралуу өлкөнүн аба ырайы кызматына таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Атлантика океанында жана Ла-Манш кысыгында чоң толкундар күтүлүүдө.

Корсика аралындагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 41 метрден ашты.

Франциянын 18 департаментине суу каптоо, катуу жамгыр жана кескин суук түшүү коркунучу тууралуу эскертүү берилди.