Франциядагы нааразылык акцияларында 190 окуучу жабыркады

Дүйнө 6 октябрь 2026 09:15
Франциядагы нааразылык акцияларында 190 окуучу жабыркады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Францияда жогорку класстын окуучуларынын нааразылык акциялары учурунда кеминде 190 окуучу жабыркады. Бул тууралуу Казинформ маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын көбү көчөдөгү ар кандай объектилерге чыгууга аракет кылып жатып кулап же акция учурунда колдонулган пиротехникалык каражаттардан жаракат алышкан.

Ошондой эле 5-октябрда Лансе шаарында өспүрүм полициянын жардыруучу затын жерден көтөрүп алган учурда колунан олуттуу жаракат алган.

Окуучулардын нааразылык акциялары сентябрдын аягында Парижди камтыган Иль-де-Франс аймагында башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Алар сабактардын көптүгүн, мугалимдердин жетишсиздигин жана билим берүү системасындагы башка көйгөйлөрдү айтып чыгышкан.

Айрым жерлерде акциялар тартипсиздиктерге жана полиция менен кагылышууларга айланган. Укук коргоо органдары акциялардын жүрүшүндө 5 миңден ашык адамды кармаган. Алардын 90 пайызга жакыны жашы жете электер болгон.

Мындан тышкары, француз окуучуларынын массалык нааразылык акциялары коңшу Бельгияга да жайылган. Францияда акциялардан улам 400дөн ашык мектеп жабылганы кабарланган.

Буга чейин улуттук билим берүү системасынын 78 кызматкери да жаракат алган.