Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Париждеги Лувр музейи капиталдык оңдоодон өтпөсө, жабылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Anadolu агенттигине таянып Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, музейди толук жаңылоо үчүн “Луврдын жаңы жаралуусу” долбоору иштелип чыккан. Аны ишке ашырууга 15 жылга чейин убакыт талап кылынышы мүмкүн.
Учурда музейде оңдоо иштери жүрүп, видеокөзөмөл камералары көбөйтүлүп, коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Ошондой эле имараттын эскилиги, климаттын өзгөрүшү жана киберкоопсуздук маселелери тынчсызданууну жаратууда.
Музей жылына тогуз миллионго жакын конок кабыл алгандыктан, негизги кире бериштеги айнек пирамида аркылуу келгендерди ыңгайлуу өткөрүү кыйынчылык жаратууда.
Музейдин директору Кристоф Лерибо Франциянын бийлигин музейди жаңылоо иштерин кечиктирбөөгө чакырды. Анын айтымында, тиешелүү чаралар көрүлбөсө, Лувр келечекте конокторду кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жоготушу мүмкүн.
Эске салсак, 2025-жылдын 19-октябрында Лувр музейинде уурулук болуп, жалпы баасы 88 миллион еврого бааланган тогуз зер буюм уурдалган. Шектүүлөр кармалганы менен, тарыхый баалуулуктар азыркыга чейин табыла элек.