Францияда туристтик учак кулап, үч адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2025 10:33
WhatsApp Image 2025-06-30 at 10.13.41.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Күн мурун Франциянын түндүгүндө Шамфолль аэроклубуна таандык туристтик учак кулап, үч адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, бир кыймылдаткычтуу Cessna 172 учагы жергиликтүү убакыт боюнча 16:00дө турак жайдын үстүнө кулап түшкөн.

Учактын бортунда эки эркек жана бир аял болгон.

Учурда Улуттук полициянын жетекчилиги астында иликтөө иштери жүрүп жатат.