Францияда тургун бакчасынан 700 миң еврого бааланган алтын кенч таап алды

Дүйнө Загрузка... 07 Ноябрь 2025 09:25
e08e9f8c-91da-447f-92f5-fec9b80d3840.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Лион шаарына жакын жайгашкан Нойвилл-сюр-Сон коммуналарынын биринде жашаган тургун өзүнүн бакчасынан 700 миң еврого бааланган алтын куймаларын жана тыйындарды таап алды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал үйүнүн короосунда бассейн куруу үчүн чуңкур казып жатып, кенчке туш болгон. Бардык алтындар желим баштыктарга кылдат оролуп, жерге көмүлгөн абалда табылган.

Аймактык маданият департаменти бул табылганы изилдеп, ал археологиялык баалуулукка жатпай турганын аныктаган. Демек, кенчти тапкан адам мыйзамдуу түрдө анын кожоюну болуп эсептелет.

Укук коргоо органдары алтын куймаларынын каттоо номерлерин текшерүү менен алар болжол менен 20 жыл мурда Лиондогу заводдо даярдалганын аныкташкан. Бул алтын мыйзамдуу жол менен алынганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, бул аймактагы жердин мурунку ээси каза болгон. Ошондуктан алтынды ким жана эмне себептен көмүп койгону так аныкталбай жатат.