Францияда өрт өчүрүүчү тик учак көлмөгө кулады

Дүйнө Загрузка... 25 Август 2025 11:02
WhatsApp Image 2025-08-25 at 10.23.33.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.2025. /Кабар/. Франциянын түндүк-батышындагы Роспордан коммуналарынын биринде өрт менен күрөшүп жаткан тик учак көлмөгө кулап түштү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, тик учак күн мурун турак жайды каптап жаткан өрттү өчүрүп жатып, сууга кулап түшкөн.

Экипаж мүчөлөрү кырсыктан аман чыгып, жабыркагандар болгон эмес. Учурда кырсыктын себептери боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.