Францияда киберчабуулдан улам дүкөндөрдөгү азык-түлүктөр бузулду

Дүйнө 13 октябрь 2026 11:25
Францияда киберчабуулдан улам дүкөндөрдөгү азык-түлүктөр бузулду
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Францияда супермаркеттердин муздаткыч системаларына жасалган киберчабуулдан улам азык-түлүктөр бузулуп, айрым дүкөндөрдө өрт чыккан. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, хакерлер муздаткыч жабдуулардын жөндөөлөрүн алыстан өзгөртүп, ичиндеги температуранын 50 градуска чейин көтөрүп салышкан. Intermarché соода тармагына ээлик кылган Les Mousquetaires компаниясы 150гө жакын дүкөн жабыркаганын билдирген. Муздаткычтар алты саат бою ысып турган.

Мындан улам санитардык коркунучтарды алдын алуу үчүн бузулган муздаткычтарда сакталган бардык азык-түлүктөрдү жок кылуу чечими кабыл алынган. Coopérative U соода тармагынын жетекчиси Доминик Шельшер да бир катар дүкөндөрдүн муздаткыч жабдууларына киберчабуул жасалганын ырастаган.

Париж прокуратурасы окуя боюнча тергөө баштады. Франциянын премьер-министри Себастьян Лекорню Улуттук киберкоопсуздук агенттигине (ANSSI) окуяны иликтөөнү тапшырды. Француз адистери киберчабуул башка өлкөлөргө да таасир эткен-этпегенин аныктоо үчүн европалык кесиптештери менен кызматташууда.