Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Франциянын Валь-д’Уаз аймагындагы Эрмон жана Обонн коммуналарында катуу шамал менен коштолгон торнадо болуп, олуттуу зыянын келтирди. Бул тууралуу Известия кабарлады.
Le Parisien басылмасынын маалыматына караганда, торнадодон бир адам каза болуп, төрт киши оор жаракат алган.
Шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, унааларды жана электр чубалгыларын бузган. Өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар түнү менен иштешти.
Префект аймакка барып, иштерди көзөмөлгө алды. Обонн шаарында жаракат алгандар үчүн Симона Вейль атындагы оорукананын базасында кризистик борбор ачылды.
Жергиликтүү тургундар аны кыска убакытка созулган, бирок өтө күчтүү торнадо” деп сүрөттөштү. Анын кесепетинен көптөгөн дарактар кулап, жолдор тосулуп, кыймыл токтоду.