Францияда "Бенжамин" бороону 140 миң үй-бүлөнү жарыксыз калтырды

Дүйнө Загрузка... 24 Октябрь 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-10-24 at 08.24.37.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Францияда "Бенжамин" бороону 140 миң үй-бүлөнү жарыксыз калтырды. Бул тууралуу Интерфакс BFMTV билдиргенин жазды.

Маалыматка караганда, электр энергиясыз калгандардын көпчүлүгү Жаңы Аквитания жана Овернь-Рона-Альпы аймактарында.

Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөнүн 11 департаментинде катуу шамал жана суу ташкыны коркунучу байланыштуу эскертүү күчүндө.

Аба ырайынын начар шарттарынан улам аймакта беш адам жаракат алды.

Бороон поезд каттамдарын үзгүлтүккө учуратты. SNCF темир жол компаниясынын маалыматы боюнча, бороон темир жол боюндагы болжол менен 30 даракты кулаткан.

Кечээ Нормандия аймагында шамалдын ылдамдыгы саатына 161 чакырымга жетти.