Фор Эссозимна Гнассингбе “Учкун” өндүргөн продукциянын сапатын жогору баалады

Министрлер кабинети 29 Апрель 2026 18:00
69f1ef1e5011a-thumb.JPG
69f1ef5f6d88c-thumb.jpg
69f1ef5f6ef4a-thumb.jpg
69f1ef5f33f46-thumb.jpg
69f1ef5f33221-thumb.jpg
69f1ef5fae294-thumb.jpg
69f1ef5fafa68-thumb.jpg
69f1ef5fd04e3-thumb.jpg
69f1ef5fd22a8-thumb.jpg
69f1ef60abc1c-thumb.jpg
69f1ef607bf25-thumb.jpg
69f1ef2056e10-thumb.JPG
69f1ef6016efc-thumb.jpg
69f1ef20578ef-thumb.JPG
69f1ef60439c8-thumb.jpg
69f1ef60785ea-thumb.jpg
69f1ef6040749-thumb.jpg
69f1ef1aacbe6-thumb.JPG
69f1ef1ac2e4b-thumb.JPG
69f1ef1b5d585-thumb.JPG
69f1ef1b57af0-thumb.JPG
69f1ef1c84ee9-thumb.JPG
69f1ef1c8708f-thumb.JPG
69f1ef1cbf329-thumb.JPG
69f1ef1cc758b-thumb.JPG
69f1ef1e561b4-thumb.JPG
69f1ef1ee48c9-thumb.JPG
69f1ef1f53cc6-thumb.JPG
69f1ef1f1462b-thumb.JPG
69f1ef1f50682-thumb.JPG
69f1ef1fe444f-thumb.JPG
Алдыга
Артка
69f1ef1e5011a-thumb.JPG
69f1ef5f6d88c-thumb.jpg
69f1ef5f6ef4a-thumb.jpg
69f1ef5f33f46-thumb.jpg
69f1ef5f33221-thumb.jpg
69f1ef5fae294-thumb.jpg
69f1ef5fafa68-thumb.jpg
69f1ef5fd04e3-thumb.jpg
69f1ef5fd22a8-thumb.jpg
69f1ef60abc1c-thumb.jpg
69f1ef607bf25-thumb.jpg
69f1ef2056e10-thumb.JPG
69f1ef6016efc-thumb.jpg
69f1ef20578ef-thumb.JPG
69f1ef60439c8-thumb.jpg
69f1ef60785ea-thumb.jpg
69f1ef6040749-thumb.jpg
69f1ef1aacbe6-thumb.JPG
69f1ef1ac2e4b-thumb.JPG
69f1ef1b5d585-thumb.JPG
69f1ef1b57af0-thumb.JPG
69f1ef1c84ee9-thumb.JPG
69f1ef1c8708f-thumb.JPG
69f1ef1cbf329-thumb.JPG
69f1ef1cc758b-thumb.JPG
69f1ef1e561b4-thumb.JPG
69f1ef1ee48c9-thumb.JPG
69f1ef1f53cc6-thumb.JPG
69f1ef1f1462b-thumb.JPG
69f1ef1f50682-thumb.JPG
69f1ef1fe444f-thumb.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Делегация улуттук валюта чыгарылган зээрканага, басма продукцияларды мукабалоо жана басма цехтерине барып, андан ары акциздик маркаларды, мамлекеттик маанидеги документтерди, атайын мамлекеттик бланктарды, мамлекеттик каттоо номерлерин даярдоо процесстери менен таанышты. Мындан тышкары күйүүчү майды маркировкалоо  жана сапатын текшерүүчү жабдуулар көрсөтүлдү.

Того министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе өндүрүштүн деңгээлине канааттануусун билдирип, чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жогору баалады. Ал Кыргызстан кыска убакыттын ичинде эле сапаттын жана коопсуздуктун эл аралык талаптарына жооп берген заман талабындагы өндүрүш түзө алганына токтолду. Анын айтымында, “Учкун” ААК базасында ишке ашырылган чечимдер мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу жана алдыңкы технологияларды киргизүү жаатында  өлкөнүн потенциалы жогору экенинин далили.

Мындан тышкары, Того министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе “Учкун” ААК менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле Того тарап ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, паспортторду жана улуттук валютаны чыгарууга буюртма берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номерлери, айдоочулук күбөлүктөр, жалпы жарандык паспорттор, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукциялары толугу менен “Учкун” ишканасында даярдалат.

Андан соң делегация “Кызмат” мамлекеттик мекемесине барып, ал жерде калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана ишке ашырылып жаткан ири санариптик долбоорлор тууралуу маалымат алды.