Физика боюнча Нобель сыйлыгы макродүйнөдөгү кванттык эффекттер үчүн ыйгарылды

Дүйнө 7 октябрь 2025 17:10
Физика боюнча Нобель сыйлыгы макродүйнөдөгү кванттык эффекттер үчүн ыйгарылды

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. 2025-жылдагы Физика боюнча Нобель сыйлыгы Джон Кларк, Мишель Деворе жана Джон Мартиниске ыйгарылды. Бул тууралуу Нобель сыйлыгынын расмий сайтында маалымдалат.

Алар бул сыйлыкка электр чынжырларындагы макроскопиялык кванттык-механикалык туннелдерди жана электр чынжырларындагы энергияны квантташтырууну ачкандыгы үчүн алышты.

Буга чейин Медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгы иммунитет багытындагы изилдөөлөр үчүн ыйгарылган.