Бишкек, 22.01.26 /Кабар/. Финляндияда XX кылымдагы техникалык прогресстин символу болуп келген стационардык телефон байланышынан толук баш тартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Kazinform маалымдайт.
Анда белгиленгендей, Финляндиядагы ири телекоммуникация операторлорунун бири - Elisa компаниясы 2026-жылдын 30-июнуна чейин бардык стационардык телефон линияларын толугу менен өчүрөрүн билдирди.
Учурда өлкөдө мындай байланыш кызматын колдонгон бир нече миң гана абонент калган.
Апрелдин аягында керектөөчүлөргө стационардык телефон линиялары өчүрүлөрү тууралуу кат аркылуу эскертүү жиберилип, байланыштын альтернативдүү түрлөрү сунушталат. Стационардык (үй) номерди мобилдик тармакка көчүрүүгө болот.
Финляндиядагы башка ири байланыш операторлору да буга чейин бул кызматтан баш тартышкан.