Финляндияда алгачкы айдоочусуз автобус ишке кирди

Дүйнө Загрузка... 19 Ноябрь 2025 09:00
725b147d-d51b-4c7b-8e8b-d4e231f50174.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Финляндиянын Тампере шаарында алгачкы айдоочусуз электр автобус коммерциялык негизде каттамга чыкты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул Финляндияда автономдуу транспорттун коомдук транспорт системасына биринчи жолу толук интеграцияланышы. Жаңы автобус Хервантажярви менен Линтухитти райондорунун ортосунда каттап, шаардагы трамвай тармагын толуктап турат.

Бул долбоор Тампере шаарынын “Акылдуу шаар” концепциясынын алкагында ишке ашууда. 2022-жылы ушул эле маршрутта робот автобус тестирлөөдөн өткөн.

Эми болсо, жүргүнчүлөр бул кызмат үчүн акы төлөшөт. Алгач автобусту айдоочу-жардамчы коштоп жүрөт, бирок 2026-жылдын жазында ал толугу менен автономдуу режимге өтүп, алыстан башкарылат деп пландалууда.

Мындан тышкары, ошол эле каттамда адам айдаган кадимки микроавтобус да жүрөт. Ал робот автобус кубатталып жатканда же техникалык себептерден токтоп калса, анын ордун басат.