Бишкек, 04.07.25 /Кабар/. Акыркы 12 айда Финляндиянын Хельсинки шаарында адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталган эмес. Акыркы кырсык 2024-жылдын июль айында болгонун, РБК агенттиги билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, мындай жыйынтыкка келүүгө негизги себеп — шаар көчөлөрүндө ылдамдыкты 30 км/саатка чейин чектөө болгон. Айрыкча мектептердин жанында ылдамдыкты азайтуу тууралуу мыйзам кабыл алынып, ал жаңы окуу жылынан тарта күчүнө кирет.
Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр менен велосипед айдоочулар үчүн шарттар жакшыртылып, камералар жана көзөмөл системалары көбөйтүлгөн.
2024-жылы Хельсинкиде 277 гана жол кырсыгы катталган. 1980-жылдары бул көрсөткүч 1000ге жетип, жылына дээрлик 30 адам каза болчу. Мындай ийгиликтер он жылдар бою жүргүзүлгөн шаардык иштердин натыйжасы экенин адистер белгилешүүдө.
2025-жылы Финляндия сегизинчи ирет дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Артынан Дания, Исландия, Швеция жана Нидерланддар турат.