Standard & Poor’s эл аралык рейтингдик агенттиги тарабынан Кыргызстанга "Туруктуу" болжолдоо менен В+ деңгээлинде жаңы кредиттик рейтинг ийгиликтүү ыйгарылды.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, бул олуттуу жетишкендик акыркы жылдары өлкөдө активдүү жүргүзүлүп жаткан тармактык реформалардын жыйынтыгы. Бул реформаларга ылайыктуу стратегиялык тармактар жана ишкердик колдоого алынып, инфраструктура модернизацияланып, инвестициялык климат жакшырып, атаандаштык чөйрө өнүгүп жатканын билдирет. Башкача айтканда, өлкөдөгү жалпы экономиканын өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин, натыйжалуу башкарууну жана жүргүзүлүп жаткан саясаттын ачык-айкындуулугун көрсөтөт.
S&P Global Ratings`тин отчетунда аймактык сооданы ийгиликтүү кайра багыттоо жана ички суроо-талапты бекемдөө Кыргызстанга 2022-2024-жылдар аралыгында ИДПнын реалдуу өсүшүн 9% түзүүгө мүмкүндүк бергени белгиленген. Мындан тышкары, ички керектөөнүн 15%га олуттуу өсүшү жана 2024-жылы жумушсуздуктун деңгээлинин 4%га чейин төмөндөшү эмгек рыногунда оң динамика жана туруктуу экономикалык чөйрөнү көрсөтөт.
Мындан тышкары, кредиттик рейтингдин жогорулашы суверендүү еврооблигацияларды чыгаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле экономиканын андан ары өсүшүнө жана эл аралык инвесторлордун Кыргызстанга ишениминин жогорулашына өбөлгө түзөт.
Экономист Кубат Рахимов буга чейин тышкы контурда иштеген көптөгөн чиновниктердин негизги катасы Кыргызстандын потенциалы, жакшы инвестициялык климат жана жаратылышыбыз кандай керемет экени тууралуу кооз презентациялар менен чектелип калгандыгын айтат. Ошол эле учурда башка булактардан митингдер жана башка терс көрүнүштөр тууралуу такыр башка түрдөгү маалыматтар таркатылып турчу. Башкача айтканда, биринчиден, потенциалдуу инвесторлор үчүн бүдөмүк көрүнүш тартылып, экинчиден, аларда реалдуу экономикалык потенциал жана келечектүү инвестициялардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар блогу таптакыр жок болчу.
"Мунун кесепетинен өлкө дүйнөлүк процесстерден четте калган, ошондуктан Кыргызстандын өкмөтү көз карандысыз рейтингдерди алуу үчүн дүйнөлүк агенттиктер менен кызматташууну кайра баштаганы абдан туура.
Бул учурда рейтинг инвестициялык климатты, саясий туруктуулукту жана башкаларды мүнөздөгөн ар түрдүү маалыматтардан турган топтолгон көрсөткүч болуп саналат. Бул эл аралык аналитиктерге түшүнүктүү болгон баалар жана ошого жараша алар өздөрүнүн болжолдоолорун түзүшөт жана айрым ири корпорациялардын же улуттук корпорацияларынын биздин рынокко кириши боюнча корутундуларды беришет", - деп түшүндүрдү Кубат Рахимов.
Мындан тышкары , ал Standard & Poor’s эл аралык рейтингдик агенттигинин отчетунда берилген баа объективдүү жана жалпысынан оң, башкача айтканда, бул пайдалуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издеген эл аралык ири капитал ээлери үчүн белги экендигин кошумчалады. Ошол эле учурда ийгиликке жетишүү үчүн фондулук рынокту тездетилген темп менен өнүктүрүү керек экенин эстен чыгарбоо керек. Олуттуу инвесторлордун бири да Кыргызстанга, мисалы, ЖЧК түзүүгө келбейт. Алар биржалык индекстерди, бааларды жана болжолдоолорду жетекчиликке алышат. Алар Кыргызстанга келбей туруп эле келечеги бар ишканалардын акцияларын биржа аркылуу сатып алышы мүмкүн. Баалуу кагаздар рыногу ушундай иштейт, замандын талабына жооп бергенге аракет кылышыбыз керек.
"Буга салыштырмалуу жакында эле эмне болгонун эстеп көрөлү. Карапайым кыргызстандык "Кумтөр" ишканасы өлкөнүн аймагында иштеп турганына карабай акцияларын сатып ала алган эмес. "Кумтөрдүн" баалуу кагаздары Торонтодогу Канаданын баалуу кагаздар биржасынын тизмесинде гана коюлган.
Азыр бизде башка кыйынчылык бар. Биздин ишканалардын көбү ЖЧК болгонуна байланыштуу, инвестордун аларга инвестиция салаары күмөндүү. Алар өз капиталына ишенимдуу акционердик коомдорду издешет.
Ошондуктан, мындай жогорку рейтингди алгандан кийин биз ишканаларга ачыкка чыгууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, баалуу кагаздарды чыгарышыбыз керек. Албетте, алар баалу болуп, ири биржаларда сатылып туруш керек. Башкача айтканда, азыр фондулук рынокту реформалап, ишкердик субъекттерине чет элдик дагы инвесторлор үчүн жеткиликтүү болгон акцияларды чыгарууга түрткү бериш керек", - деп баса белгилейт Кубат Рахимов.
Эл аралык уюмдардын мындай рейтингдери Кыргызстандын өткөн жылдарга салыштырмалуу туруктуу өсүп жана өнүгүп жатканын белгилейт. Албетте, кайсы өлкө ырааттуу өнүгүп жаткан болсо, аны менен кызматташууга кызыкдар болгондор көбөйөт.