Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. 29-сентябрдан 3-октябрга чейин Россиянын Красноярск шаарында Финанасылык коопсуздук боюнча V эл аралык олимпиаданын финалдык туру болуп өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, олимпиадага 40 өлкөдөн 600дөн ашуун катышуучу келген.
Кыргызстандын атынан президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, КУУнун, КМТУнун, БМУнун, КРСУнун жана КЭУнун студенттери, ошондой эле биринчи жолу студенттер арасында улуттук финансылык коопсуздук долбоору аркылуу тандалып алынган төрт мектеп окуучусу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын катышуучулары үч номинацияда байгелүү орундарды камсыз кылышты:
- Эл аралык мамилелер — Азим Жумаков;
- Экономикалык коопсуздук — Алиса Семенова;
- Маалыматтык коопсуздук — Дмитрий Кошевой.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын №1 мектебинин окуучусу Руслан Байсалов КМШ өлкөлөрү боюнча мектеп окуучулары арасында биринчи орунга ээ болуп, ноутбук менен сыйланды.
Катышуучулар ошондой эле панелдик талкууларга, мастер-класстарга жана спорттук иш-чараларга катышышты.
«Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча финансылык коопсуздук боюнча билим берүү программалары багытында Мадагаскар өкүлдөрү менен кызматташтык меморандумун түзүү тууралуу макулдашууга жетишилди», — деп айтылат билдирүүдө.