Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Филиппиндин Тарлак шаарында жеңил учак кулап, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Филиппин маалымат агенттигинин (PNA) маалыматына таянып Анадолу агенттиги жазды.
Анда белгиленгендей, Пампангадагы Магаланг авиабазасынан учуп чыккан учак Тарлакка жакын айылда күрүч талаасына кулап түшкөн.
Жарандык авиация башкармалыгы (CAAP) билдиргендей, кырсыктын себептерин иликтөө иштери башталды.
Учурдагы авиациялык коопсуздук мыйзамдарын же эксплуатациялоо эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, жооптуу адамдарга же уюмдарга чара көрүлөрү белгиленди.