Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Филиппинде болгон катуу тайфундун кесепетинен 200дөн ашык адам каза болуп, дагы 100дөн ашык киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, ал эми жабыркагандардын жалпы саны 2,9 миллион адамга жеткен. Өлкөгө катуу шамал жана суу ташкындарын алып келген Калмаэги тайфуну (жергиликтүү аталышы "Тино") Лусон, Висаяс жана Минданао өңдүү ири арал топторундагы 24 провинцияга таасирин тийгизди.
Жергиликтүү “Филиппин” маалымат агенттиги каза болгондор менен жаракат алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирген.
Эске салсак, тайфун 5-ноябрда катуу бороон, нөшөрлүү жаан жана жээкке соккон бийик толкундар менен коштолуп, көптөгөн райондордо электр энергиясы өчүрүлүп, ондогон аба каттамдары токтотулган.
Филиппин жыл сайын орто эсеп менен 20га жакын тайфунга дуушар болот. Алардын эң катуусу — 2013-жылы болгон Хайян тайфуну. Аталган тайфун 6 миң 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган.