Бишкек, 08.10.25 /Кабар/. Өткөн жумада Филиппиндин батыш жээгинде болгон магнитудасы 6,9 болгон жер титирөөдөн кийин 8 миңден ашык афтершок катталды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.
Филиппиндин вулканология жана сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түрдүү күчтөгү афтершоктор Паломпон районунда жана Себу провинциясынын жээгинде уланууда. Алардын магнитудасы 1ден 5,1ге чейин өзгөрүп турат.
Маалыматка ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр дагы бир нече жума же айга чейин уланышы мүмкүн, бирок алардын жыштыгы бара-бара азаюуда. Жарандарга үйлөрүнө баруудан мурун жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешүүгө кеңеш берилүүдө.
Эске салсак, 30-сентябрда Филиппинде күчтүү жер титирөө катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, 72 адам каза болуп, 47 миң 221 киши жабыркаган.